Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Здесь есть возможность читать онлайн «Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» — ознакомительный отрывок электронной книги совершенно бесплатно, а после прочтения отрывка купить полную версию. В некоторых случаях можно слушать аудио, скачать через торрент в формате fb2 и присутствует краткое содержание. ISBN: , Жанр: Прочая детская литература, Мифы. Легенды. Эпос, на русском языке. Описание произведения, (предисловие) а так же отзывы посетителей доступны на портале библиотеки ЛибКат.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору: краткое содержание, описание и аннотация

Предлагаем к чтению аннотацию, описание, краткое содержание или предисловие (зависит от того, что написал сам автор книги «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»). Если вы не нашли необходимую информацию о книге — напишите в комментариях, мы постараемся отыскать её.

Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору — читать онлайн ознакомительный отрывок

Ниже представлен текст книги, разбитый по страницам. Система сохранения места последней прочитанной страницы, позволяет с удобством читать онлайн бесплатно книгу «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору», без необходимости каждый раз заново искать на чём Вы остановились. Поставьте закладку, и сможете в любой момент перейти на страницу, на которой закончили чтение.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Бөбөктөр үчүн

Кыргыз эл жомоктору

Редактор Мирлан Бакытович Калдыбаев

ISBN 978-5-4490-9371-4

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

КАРЫШКЫРДЫН КАМКОРДУГУ

Илгери илгери бир кан болуптур Анын үч баласы болуптур Балдарынын аттары - фото 1

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.

Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:

– Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле, -дейт.

Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.

Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:

– Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз, -деп акыл айтат.

Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет.

Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.

Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.

Жолго көзүн салып караса: «Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес» -деген жазуу бар экен.

Болгон ойлонуп: «Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса, барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын» -деп аты өлөр жолго түшөт.

Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.

Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:

– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин, -дейт.

Болгон эмне кыларын билбей турганда:

– Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин, -дейт дагы Карышкыр.

Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:

– Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын – дейт.

Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр «каңк» эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:

– Сен мында эмне үчүн келдиң? -деп сурашат. Болгон:

– Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген, -дейт. Анда кайтаруучулар:

– Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз, -дешет. Болгон:

– Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын, -дейт.

– Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз, -дешти кайтаруучулар.

Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.

Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:

– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын, -дейт.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Похожие книги на «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»

Представляем Вашему вниманию похожие книги на «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» списком для выбора. Мы отобрали схожую по названию и смыслу литературу в надежде предоставить читателям больше вариантов отыскать новые, интересные, ещё непрочитанные произведения.


Мирлан Мамытов - Кыргызская мечта!
Мирлан Мамытов
Мирлан Калдыбаев - Тамгалар ырдайт
Мирлан Калдыбаев
Мирлан Калдыбаев - Бейиш-Эненин таман алды…
Мирлан Калдыбаев
Отзывы о книге «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»

Обсуждение, отзывы о книге «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» и просто собственные мнения читателей. Оставьте ваши комментарии, напишите, что Вы думаете о произведении, его смысле или главных героях. Укажите что конкретно понравилось, а что нет, и почему Вы так считаете.

x