Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Здесь есть возможность читать онлайн «Мирлан Калдыбаев - Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» — ознакомительный отрывок электронной книги совершенно бесплатно, а после прочтения отрывка купить полную версию. В некоторых случаях можно слушать аудио, скачать через торрент в формате fb2 и присутствует краткое содержание. ISBN: , Жанр: Прочая детская литература, Мифы. Легенды. Эпос, на русском языке. Описание произведения, (предисловие) а так же отзывы посетителей доступны на портале библиотеки ЛибКат.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору: краткое содержание, описание и аннотация

Предлагаем к чтению аннотацию, описание, краткое содержание или предисловие (зависит от того, что написал сам автор книги «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»). Если вы не нашли необходимую информацию о книге — напишите в комментариях, мы постараемся отыскать её.

Ар бир адамдын бала чагы жомоктор менен байланышкан. Жомоктор элдик ооз эки чыгармалык менен бирге пайда болгон жана ата-бабаларыбыз жомок аркылуу балдарына таалим-тарбия бере алган.

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору — читать онлайн ознакомительный отрывок

Ниже представлен текст книги, разбитый по страницам. Система сохранения места последней прочитанной страницы, позволяет с удобством читать онлайн бесплатно книгу «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору», без необходимости каждый раз заново искать на чём Вы остановились. Поставьте закладку, и сможете в любой момент перейти на страницу, на которой закончили чтение.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

АКЫЛ КАРАЧАЧ

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор? – деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу? – дейт.

Андан Каракан:

– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот, – дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

– Таксыр каным, «кандын суроосуна жооп бер», – деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин, – дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени «кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын» боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «айжокчулук» деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.

Ошондо кан: «Суроомө туура жооп берди», деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:

– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун, – дейт.

Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.

Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:

– Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, «үч күнгө чейин уруксат бер» деп кайта үйгө келерсиз, – дейт.

Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:

– Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын, – дейт.

Анда чал:

– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи, – дейт.

Бул сөзгө кандын ачуусу келип:

– Чалды дарга тарткыла, – деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:

– Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң, – дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «ЛитРес».

Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Похожие книги на «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»

Представляем Вашему вниманию похожие книги на «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» списком для выбора. Мы отобрали схожую по названию и смыслу литературу в надежде предоставить читателям больше вариантов отыскать новые, интересные, ещё непрочитанные произведения.


Мирлан Мамытов - Кыргызская мечта!
Мирлан Мамытов
Мирлан Калдыбаев - Тамгалар ырдайт
Мирлан Калдыбаев
Мирлан Калдыбаев - Бейиш-Эненин таман алды…
Мирлан Калдыбаев
Отзывы о книге «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору»

Обсуждение, отзывы о книге «Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору» и просто собственные мнения читателей. Оставьте ваши комментарии, напишите, что Вы думаете о произведении, его смысле или главных героях. Укажите что конкретно понравилось, а что нет, и почему Вы так считаете.

x