Атам үчүн
Эскерүү ирэтинде
Мирлан Бакытович Калдыбаев
© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2018
ISBN 978-5-4490-8620-4
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
Санжыра бар ата-текти издеген.
Биз элбиз, биз журтбуз кыргыз деген.
Жети атамды сурап калса кээ бири,
Айтып берем журттан болот кыргыз деген.
Биринчи атам Бакыт-менин өз атам.
Уулуң болуп керегиңе мен жарайм.
Көп нерсени ушул инсан үйрөттү,
Бир сөзүңдү унуткарбай мен барктайм.
Улуу кесип аркалаган тарыхчын?
Билим берди жалпы муунга мунум чын.
Неберемин мугалим Калдыбайга,
Ушул инсан билим бергени анык чын.
Көрбөдү чөбөрөң сени Дайрабай.
Куран окуйм мен өзүңө багыштай.
Жатканын сенин жайлуу болсун!
Дуба кылам мен өзүңө багыштай.
Кыбырамын бубам баатыр Бешкемпир.
Теңирим бейишиңде бул адамга кезиктир.
Топурагың торкоо болсун!
Аллахым жабрейилге бул адамды кезиктир.
Тыбырамын Курман-кожо молдонун.
Ал баскан ислам дини жолдомун.
Лаа иллааха иллкаллоху,
Иншаллах мен дагы ушул жолдомун.
Чүрпөсү мында турат Кожо-Саип.
Дуба кылам мен алакан жайып.
Бейиште орун алып важиб болсун!
Ак сакалы бол жанната Кожо-Саип.
Жетинчи атам Абуталиб мыкты атам.
Ырым жазып санжыраны таратам.
Анча-мынча билбегенге бул ырды,
Санжыра-деп бүт ааламга таратам.
Атаке арман көп сага айта албаган.
Арман көп өзүңө жаза албаган.
Атаганат жаштыгым кете бердиң.
Сырым көп ичимде айтылбаган.
Жаңыдан жети жашка толгонумда,
Аң-сезим эми-эми ойгонгонунда,
Кете бердиң азаптарга бизди таштап.
Болоор эле дагы он жыл болгонуңда.
Декабрьдын орто чендин бир түнүндө,
Кабар келди куттуу биздин үйүбүзгө.
Атаңар оо ааламга узап кетти,
Не азап болду экен бул күнүңүздө.
Аттигиң кош айтыштым атакемден.
Оо теңирим эмне күнөө ал пендеңен.
Атаке айта турган арманым көп.
Жериң болду жата турган жер деген.
Сездиң бекен уулуңдун жетилгенин.
Сездиңби бул уулуңдун эмгектерин.
Жазма акын жаралыпмын бул ааламга.
Сездиңби уулуңдун эрезеге жеткенин.
Оо атаке сезген болсоң сен эгерде,
Кубандыңбы? сүйүндүңбү эмгегиме.
Атаке көргүм келет. сагындым..
Оо аллахым ушул беле бул пендеңе.
Эмне дейин айтаар сөзүм бул болсун!
Бейиштен орун алып жайың болсун!
Жаткан жериң жайлуу болсун!
Топурагың торкоо болсун!
Кээде ыр жазам чындыкты кошуп.
Өткөнүн жазам жашоомдо болуп.
А кээсинде тагдырдан алып коём.
Анча-мынча сөздөрдү мындан кошуп.
Кээде жазам досторумдун тагдырын.
Башынан өткөн болуп өткөн бардыгын.
Окурмандар ойлобосун таңыркап,
Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.
Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.
Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.
Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,
А бул инсан ата-энем алтындан.
Сен келгенде шоола чачып айлана,
Бак-дарактар көңүл салып жай гана.
Өчүм бардай тигилемин сүрөткө,
Калдым окшойт бир өзүңө байлана.
Качанкы түшкөн сенин эски сүрөт.
Сакталып эч тытылбай менде журөт.
Мейли эле бирге болсом өмүрдө,
Болгону калды менде эски сүрөт.
Сен учурда жубайысын бөлөк жандын.
А мени ушунчалык неге чандың.
Эстелике калды менде элесин?
Сен учурда колуктусу башка жандын.
Эске түштү качанкы эски сүрөт.
Ээлеп жоркуп жайдары карап күлөт.
Кээде отуруп сүрөт менен сүйлөшөм,
Эх армандуу качанкы эски сүрөт.
Айтаарым аруу сөзүм бул болсун!
Балпайган бакыт-кушу өзү консун.
Өксүбөй бул жашоодо азап тартпай,
Бактылуу бол айтаарым ушул болсун.
Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай,
Көздөрүң кара кочкул карагаттай.
Кандай адам деги сени жаратты экен.
Бир өзүңөн нур чачырайт шам чырактай.
Эсиңдеби жолуканбыз кан базардан.
Бактылуумун бул өмүрдө оо жараткан.
Мен ыраактан өзүң менен тиктешем,
Оорум бар, тартынам уялчактык жараттан.
Сүйүү бекен денем басты калтырак.
Көпкө турдум бул сезимден жабыркап.
Көзүм албай тартыламын өзүңө,
Карагандар бар не болду-деп таңыркап
Читать дальше