Мирлан Калдыбаев - Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде

Здесь есть возможность читать онлайн «Мирлан Калдыбаев - Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде» — ознакомительный отрывок электронной книги совершенно бесплатно, а после прочтения отрывка купить полную версию. В некоторых случаях можно слушать аудио, скачать через торрент в формате fb2 и присутствует краткое содержание. ISBN: , Жанр: Поэзия, на русском языке. Описание произведения, (предисловие) а так же отзывы посетителей доступны на портале библиотеки ЛибКат.

Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде: краткое содержание, описание и аннотация

Предлагаем к чтению аннотацию, описание, краткое содержание или предисловие (зависит от того, что написал сам автор книги «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде»). Если вы не нашли необходимую информацию о книге — напишите в комментариях, мы постараемся отыскать её.

Бул чөнтөк китепчеде өз калемиме таандык чыгармалар камтылды. Бала кезден бери жазылып дептерге сакталып келген ыр жыйнагым назарыңыздарда.

Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде — читать онлайн ознакомительный отрывок

Ниже представлен текст книги, разбитый по страницам. Система сохранения места последней прочитанной страницы, позволяет с удобством читать онлайн бесплатно книгу «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде», без необходимости каждый раз заново искать на чём Вы остановились. Поставьте закладку, и сможете в любой момент перейти на страницу, на которой закончили чтение.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Не күч бар бул сезимге кабылткан.
Жүрөгүмдүн соккон добушун угулткан.
Жан-дүйнөмдү башка аалам курчады,
Жер жүзүнө түшкөн сыңар чагылган.

Араң турдум кулачуудай талп этип.
Күйүккөн чуркап аргымактай энтигип.
Не күч бар айтсаң боло кыйнабай,
Азыр түшөм билип турам талп этип.

Таарынбачы…

Таарныбачы болоор-болбос нерсеге,
Жарап койчу ушул жолку кереке.
Сүйөм сени кагылайын аппагым,
Кечир мени ката кылсам береке.

Кайгырбачы ойго батып санаа тартып.
Жаш сезимди сен туңгуюка каматып.
Жаштык кезде баары болот каралдым,
Сен элең го мээрим чачкан таратып.

Кызганбачы койчу жаным садагам.
Сен деп жашап бул өмүрдө баратам.
Алмаштырбайм бөлөк-бөтөн адамга.
Кечир мени сүйөм сени садагам.

Бул жашоонун өйдөсү бар ылдыйы.
Болуп корчү сен болуп кыйыны.
Сабырдуу бол санаа тартпа жабыркап.
Тушун жаным өйдөсү бар ылдыйы.

Капаланба суйуу болот ушундай.
Учуп өткөн асман буркут кушундай.
Анча-мынча болоор-болбос нерсеге,
Капаланба турмуш жаман ушундай.

Арман

Эл катары суйгум келет.
Каралдым колдон келбейт.
Анткени эркектик кыла албайм,
Баары бир колдон келбейт.

Төрт жыл мурун илгери,
Ат туяктын тебенеги.
Келип бир тийген.
Алсызмын ошондон бери.

Мен дагы суйгум келет.
Жетелеше баскым келет.
А бирок алсызмын.
Тушунгун ушул себеп.

Түбөлук каламбы тукумсуз,
Жалгыз каламбы уулумсуз.
Арга жок калам айлам жок.
Өтөмүн жалгыз тукумсуз.

Арманым ушул түгөнгүс,
Алтын болсо да бүтөгүс.
Эркектик менде жарабайт.
Өтөмүн өмүр түгөйсүз.

Жаштарды көрүп суктанам,
Теңирден жалынып суранам.
Антсе да пайда болбоду!
Ич күйүп оттой жулунам!

Кут болсун!

Кут болсун досум майрамың.
Куттук айтып турамын.
Отузга чыгып жашыңыз,
Толуп турган убагыңыз.

Ден-соолугуң чың болсун!
Узун-өмүр бак консун!
Таалайың сенин ачылып.
Өмүрдө жолуң мол болсун.

Жамандык сени тоорубасын.
Ден-соолугуң оорубасын.
Жакшылык коштоп жаныңда,
Тиккен гулуң соолубасын.

Ачык болсун жолуң.
Көп болсун сенин сомуң.
Жаман атта калбасын.
Сенин астыңдагы жолуң.

Жардамың тийсин элиңе,
Улуу кыргыз жерине.
Атагын чыксын ааламга,
Макталып калсын жериңде.

Майрамың бугун туулганың.
Отузда сенин курагың.
Ата-энеңди кубанткан.
Отуз жыл мурда туулганың.

Белгилеп бугун турасың?
Белиңди бекем буасың.
Кут болсун майрамың.
Туулган кундук курагың.

Майрамды тос далайды,
Жакшы көрөбүз андайды.
Көп жаша досум көп уза,
Өмүрдү сүр далайды.

Эне ыйык

Дүйнөдө эмне улук аял улук.
Келдиң эле сен өзүң кайдан туулуп.
Кээ бир аңкоор сыйлабастан өз энесин,
Калмайы бар каяшалап урушуп.

Болбосо Энең кайдан келдин жаралып.
ОО адамзат турмуш улап таралып.
Ак сут менен алдейледи бапестеп.
Сен оорусаң кошо ооруп кагылып.

Эненин таман алды бейиш делет.
Балам -деп энекең колдоп келет.
Ак сутун актадыңбы оо адамдар.
Эненин баскан изи бейиш делет.

Энеңдин тирүүсундө алкышын ал.
Үйгө кирсе алдына төшөгүн сал.
Урматта сыйлап алгын көзүндө,
Колдоп дайым эненин мактоосун ал.

Эне ыйык эне кымбат баарынан.
Сени тууду сени бакты абыдан.
Түн уйкуда жатса дагы наалыбай,
Алдейледи кымбат көрдү баарынан.

Махабат

Махабат түгөнгүс кенен дайра,
Чеги жок жагымдуу бардык жанга.
Сүйүүнүн баркын билип жашагандар.
Бактылуу чыны алар тагдырында.

Бакытын издеп жүргөн канча жан бар.
Махабат майданынан адашкандар.
Бактысына жетүүгө тилек кылып.
Тообо кылып теңирге жалынгандар.

Кээ бири бар бактысын чанып кеткен.
Бул менин бактым эмес-деп азап чеккен.
Адашуу жаңылуу кездешет бул жалганда,
Кээ бири бар бактысына эми жеткен.

Махабат аруу болот билген жанга.
Жетпесе жүрөк ыйлайт махабатка,
Бактысын ача албаган кээ бир инсан.
Аттиң деп сыздап өтөт бул жалганда.

Аймира

Көрүнүп көзгө илине,
Чалынып тордун жибине.
Аймира сулуум арбадың?
Сүйдүрүп мени имере.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Похожие книги на «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде»

Представляем Вашему вниманию похожие книги на «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде» списком для выбора. Мы отобрали схожую по названию и смыслу литературу в надежде предоставить читателям больше вариантов отыскать новые, интересные, ещё непрочитанные произведения.


libcat.ru: книга без обложки
Джек Лондон
libcat.ru: книга без обложки
Василий Гигевич
Влад Снегирев - Начало (зона АТО)
Влад Снегирев
Роберт Силверберг - Всемогущий атом (сборник)
Роберт Силверберг
Мирлан Мамытов - Кыргызская мечта!
Мирлан Мамытов
Аґата Крісті - Оголошено вбивство
Аґата Крісті
Мирлан Калдыбаев - Тамгалар ырдайт
Мирлан Калдыбаев
Мирлан Калдыбаев - Бейиш-Эненин таман алды…
Мирлан Калдыбаев
Сауле Калдыбаева - Зеркало в старинной раме
Сауле Калдыбаева
Отзывы о книге «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде»

Обсуждение, отзывы о книге «Атам үчүн. Эскерүү ирэтинде» и просто собственные мнения читателей. Оставьте ваши комментарии, напишите, что Вы думаете о произведении, его смысле или главных героях. Укажите что конкретно понравилось, а что нет, и почему Вы так считаете.

x