Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.
Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:
– Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды, -дейт.
Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:
– Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, -деп жалынат.
Анда карышкыр:
– Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок, -деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:
Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын, -дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:
– Кысылган жерде керек болор, -деп жүнүнөн жулуп, -керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун, -деп убадасын берет.
Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.
Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.
Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:
– Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн, -деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, «Эми кутулдум го» деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.
Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.
Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.
Болгон Карышкырга:
Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул, -деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.
Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.
Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:
– Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, – деген экен.
Ошондо карыя:
– Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, – дейт.
Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:
– Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.
Мен эми: «Жырткычтар жеп кетеби?» – деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.
Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:
– Үңкүрдөгү адам бери чык! – деди.
– Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен.
Читать дальше