Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?» – деди да, артына кылчайбай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач жасады. Ошондон баштап иши кайра илгери жүрө баштады. Экинчи мактанганды койду.
Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп ташын чегип болуп, суу жыгайын деп жатса, тегирмендин чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Мен сиз менен мелдешейин деп келдим эле. Эгерде мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүргүзбөй койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» – деп сурады. Дөөтү уста: «Кой, антип бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Ошентип мелдеш башталды. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, тегирменди жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш тоңуп калган. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, алдынан чыкканын жара тээп кете берет экен.
Ал эми Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменин токтотуп, чын эле анын эрдигин көрсөтмөк, ызасын басмак. Дөөтү уста да ушул кезге чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүргөнүн айтышат.
Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.
Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет.
Кылактап дөңдү айлана качкан кызыл түлкүнү көргөн бүркүт анын артынан түшөт. Бүркүттү көргөн түлкүнүн да айласы кетип, кайда качарын билбей, туш келди чуркап отуруп эски конуштун ордуна туш келет. Ары чуркап, бери чуркап, баары бир бүркүттөн кутула албасына көзү жетип, айласын таппай турганда, эски журттун четиндеги казыкты көрө коюп сүйүнүп кетип, ажалдан арачалап кала турган нерсе табылды дегендей дароо казыкты эки бутунун ортосуна кыпчый чокчойуп отуруп берет.
Куу түлкүнүн оюн түшүнбөгөн эр көкүрөк бүркүт бир аз бийиктей түшүп, анан түлкүнү карай шукшурулуп жөнөйт. Түлкү эч кыймылсыз бүркүттүн зуулдап келе жаткан кебетесинен көз албай тура берет. Бүркүт мына чапчып аларда булт этип казыктан чыга берет. Күү менен келген алгыр бүркүт кайра кайкып кетерде казыктын учу ичин жарып, ошол жерде мүрт өлүмгө туш болот.
Бүркүттүн артынан чаап келе жаткан мүнүшкөрдү шылдыңдагандай куу түлкү чокчойуп тура калып, анан ылдыйкы токойду көздөй зымылдап жөнөй берди. Ошентип куу түлкүнүн оюна түшүнбөй бүркүт бөөдө өлгөн экен
Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:
– Экөөбүз баш кошсок кандай болот? -деп сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.
Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:
– Ай, сенин өңүң эмне саргарат? -дейт. Аңда берки жигит:
– Билбейм! -деп жооп берет. Анда дос житити:
– Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:
Читать дальше