Журналист:Да-аа. Убагында кетпей, акыры он жылдан кийин зордолуп кетти.
Жазуучу болсо убагында такка келбей, кийин арманда калып, бул жарыбаган президенттин азабын бөлүп калды. Кандай татаал драма жана трагедия! Баса (Колундагы саатына карап).
Бир аз кечигип калдым окшойт,
Эмесе мен барайын,
Мындай улуу заман башыбызга түшкөн соң,
Жөн эле жүрө бербейли темселеп,
Заман өзү билбесе да эмне кылаарын,
Бирдеме кылалы, аракеттенели, тыбырчылайлы
Жашоону туура жолго салууга ниеттенели,
Улуу урматтуу март ыңкылабынын айымы.
Журналист кетет.
Диктор:Жалгыз калган Рухайым, креслого барып олтурат, өзүнүн ойлоруна чөмүлүп. Эми уктап кетейин дегенде анын жанына бийлеп үч азгырыктар – мурдагы бийлик тарабында болушкан көз боемочу, каргыш айтууга, дубаны салууга көнүгүшкөн адистер, кара-күчтөр чыгышат. Азгырыктар Рухайымды курчоого алышат.
Биринчи азгырык: Бул бийлик жакын арада эле тактан кетет деп уктук биз. Эмне дейсин буга, өлкөбүздүн чыгаан, атактуу саясий олуясы?
Экинчи азгырык: Ооба, бул президент тактан куулуп келет дейт, бийликке накта кыргызга күйгөн патриот жигит келет дейт.
Үчүнчү азгырык: Чет элде жашап абдан байыган кыргыз экен деп уктук биз.
Үчөө тең (Рухайымды айланып):
Эгерде ал бийликке келсе,
Жыргайт деп уктук кыргыз эли.
Буга эмне демексин,
Бакиевди алып келген кызыбыз?
Рухайым(аларды курчоосунан бошонуп):
Адашып жатасыңар баарыңар,
Ошо бай жигиттин акчасына зарыгып.
Кет десе эле таарынган топ,
Президент кызматынан кетип калабы?
Биринчи азгырык:Сөзүңөн адашпагын өмүрдүн гүлү. Асман айтып жатат, ал келет деп.
Рухайым: Ха-ха-ха. Эгерде билгиңер келсе, асман алып келди учурдагы президентти, мурдагы президентти да кууп кетирди. Асмандын буйругу, Манастын руху менен Ак-Үй алынды, бийлик алмашылды.
Экинчи азгырык:
Абайлагын сулуу кыз. Сени жек көргөн күчтөр абдан арбын жана акча-каражаттуу. Күнү-түн сага каршы дубалай турган болсо эмне кылмаксын, каякка качып кетесин?
Үчүнчү азгырык: Болду эми кызым, бул президентти колдобой эле жүр. Баары бир ал сага эч кандай жакшылык кылбайт. А эгерде сен биз тарапка өтсөң, биз сенден эч нерсени аябайбыз.
Үчөө тең: Ооба, биз билебиз, сен Акаевди тактан кетирдиң.
Эми бул президентти да кетирип берсең, сени биз кечирдик.
Рухайым: Кеткиле нары, караңгы күчтөр.
Силер мени дубаласаңар,
Силерди урган болот Манастын руху.
Кыш… желмогуздар. Силердин убактыңар өттү,
ырдаган ырыңар бүттү.
Акаевди мен эмес – Кудай кетирди!
(Көшөгө).
Сахнага Дикторчыга.
Диктор:
Бул акт Конституциялык реформага
Багышталат.
Эки тарап кантип күчкө салып
Утулуп калганын чагылдырат.
Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,
Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.
Оппозиция да,
Өкмөт түзүлүштөрү да
Өз ээлеген ордун туура табып,
Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген
Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт
Албайт эле бизди тузакка кайрадан.
Сахнадан кетет.
(Көшөгө ачылат).
Ала-Тоо аянты.
Сахнада Журналистменен Рухайым.
Журналист (колундагы газетасынын соңку номерин жайып):
Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.
Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы – демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.
Журналист:Кандай кызматты сурамак элем?
Рухайым:Сен эмне, түбөлүк журналист бойдон өтөт белең? Ажодон пресс-кызматынын жетекчилигин сурап же ал болбосо, өкмөт гезиттеринин биринин редакторлугун ал. Ал дагы колуңа тийбесе, чет өлкөлүк элчилигинин жетекчилине жет. Кубан Мамбеталиев, Рина Приживойт, Замира Сыдыкова ага-эжекелериңден эмнең кем? Мүмкүн болушунча баарын сурай бериш керек. Бири тийбесе бири тийет. Эл үчүн иштейм дейсиңби жүрөгүңдө, кызматтан көтөрүлгөн сайын мүмкүнчүлүгүң артат. А эгерде кызмат сурабасаң, сенин ордуңду татыксыз бирөө ээлеп, ишти бузуп аягында сен дагы күнөөлүү болосуң.
Читать дальше