Замирбек Өсөров - Март Революциясы. Коомдук-саясий драма

Здесь есть возможность читать онлайн «Замирбек Өсөров - Март Революциясы. Коомдук-саясий драма» — ознакомительный отрывок электронной книги совершенно бесплатно, а после прочтения отрывка купить полную версию. В некоторых случаях можно слушать аудио, скачать через торрент в формате fb2 и присутствует краткое содержание. ISBN: , Жанр: Драматургия, Историческая проза, на русском языке. Описание произведения, (предисловие) а так же отзывы посетителей доступны на портале библиотеки ЛибКат.

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма: краткое содержание, описание и аннотация

Предлагаем к чтению аннотацию, описание, краткое содержание или предисловие (зависит от того, что написал сам автор книги «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма»). Если вы не нашли необходимую информацию о книге — напишите в комментариях, мы постараемся отыскать её.

В данной книге представлена драма «Март ыңкылабы» («Мартовская революция») Замирбека Өсөрова, отражающая одно из самых важных событий в новейшей истории Кыргызстана, связанное с мирной сменой власти в марте 2005 года.Это было время больших возможностей, не использованное в достаточной степени ответственно новой властью – для прорыва в принципиально новое состояние нашего общества. Но в жизни и особенно в политике упущенный шанс часто оборачивается трагедией.

Март Революциясы. Коомдук-саясий драма — читать онлайн ознакомительный отрывок

Ниже представлен текст книги, разбитый по страницам. Система сохранения места последней прочитанной страницы, позволяет с удобством читать онлайн бесплатно книгу «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма», без необходимости каждый раз заново искать на чём Вы остановились. Поставьте закладку, и сможете в любой момент перейти на страницу, на которой закончили чтение.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Бакиев! Бакиев! Бакиев!

Кулов! Кулов! Кулов!

Рухайым:Өзүнөн өзү болгон жок бул окуя. Асман, улуу Жараткан, ааламдын бийик акыл-эси Акаевди тактан кетирүүгө эң оболу кызыгдар болгон. Алдын ала сен тактан кетүүң керек деп ага көп жолу эскерткен, эгер убагында кетпесең, өз атың жана үй-бүлөң тарыхта кара тамга менен жазылат деп, – ал бийликке мас болуп, андай эскерүүлөрдү укпады. Акыры боло турган иш болду.

Журналист:Эмнеси болсо да, аягы жакшылык менен бүтөт деген ишеним бар. Революция майданы кимде кимди бийликтен кулатып, тууган элинен, жеринен безитсе, башкаларды бириктирген болду. Мына биз дагы ушул жаздын ажайып күндөрүндө, ыңкылапчыл Бишкектин кайнап турган көчөлөрүндө, өлкөбүздүн тарыхы чечилип жатканда, эт менен челдин ортосунда турган өтө кооптуу мезгилде сени менен таанышып калбадыкпы. Мен үчүн бул ынкылаптын эң чоң белеги болду, сени менен Ак-Үйдүн чабуулу мезгилинде таанышып калганым,

Сен биз тарап экениңди көрүп,

Жеңиш биз тарапта болоорун түшүнүп.

Рухайым:Жүр эмесе, кулаган Ак-Үйдүн короосуна кирип, аерде сүйлөгөн ораторлордун сөздөрүнө кулак салып көрөлүчү. Алар эмне жөнүндө сөз кылып, эмнени ойлоп жатышат экен?

Аянтта кайрадан калың элдин үндөрү угулат:

Бакиев! Бакиев! Бакиев!

Кулов! Кулов! Кулов!

Экинчи көрүнүш

Сценага Даанышман менен Эл-аралык эксперт Куудул чыгышат. Даанышман – салабаттуу, оор басырыктуу адам, Эл-аралык эксперт – Батыш өлкөнүн өкүлү. Куудул – элпек, ыкчам кыймылдап, сымаптай ойноп, турган жеринде бийлеп да, машыгып да, энергияга толгон жигит.

Эл-аралык эксперт:

Дал экиге бөлүндү өңдөнөт өлкөнүн электораты,

Жарымы Бакиевди жактырып, башкасы Куловду.

Эми бул эки чыгаан кантип бөлүшөөр экен бир кызматты,

Утулган тарап да козгоп жибербейби кээ бир бүлгүндү?

Даанышман:Кудай сактасын андан. Кан төгүлбөй, баардыгы ушундай аяктаганы дурус эле болду. Эгерде ок атылып кан төгүлгөн болсо, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүү мынчалык бат жана күтүлбөгөн жерден оңой басылмак эмес.

Эл-аралык эксперт:Эми аны териштирүүгө кажет жок. Кан төгүлүшү керек элеби же жокпу, ак-шапкечендерби же митингчилер өзүлөрүбү Бишкектин магазин-дүкөндөрүн тоноштубу же шаардын мыңк этпей жүргөн момундары түн ичинде шаарды тозутуштубу – эми бары бир болуп калбадыбы. Ошондой эле бул эмне өзү – ыңкылаппы же төңкөрүшпү же жөн «захватбы», мордобой, мародерчулукпу – мунун баарын эми тарых өзү ырастайт.

Даанышман:Ооба, мунун баарын тарыхка жана кийиңки муундарпыбыздын сынагына, сотуна, көзөмөлүнө кой…

Эл-аралык эксперт:Yes it is, I am wholly agry with you. It is just the Great Kyrgyz Revolution!

Куудул:А балким революция болбой калсачы?

Эл-аралык эксперт:Жок, жок. Бул накта революция. It is just the Great Kyrgyz Revolution! Little late all other states around you will go after yours path.

Даанышман:Бул соболдорго азырынча жооп табылбайт.

Кандай болгондо да Акаев качып кеттиби, бала-чака, күйө-балдары менен кошо, демек Кыргызстанда бийлик алмашты деген кеп да. Ал эми бийлик алмашканда, аны менен кошо бийлер, төрөлөр алмашат бири калбай, коом бир аз болсо да тазарат деген шанс, мүмкүнчүлүк пайда болот эмеспи.

Куудул:

Ооба, болгон дейт ошондой үмүт, кыял,

Эл-аралык деңгээлде тарады ушундай мишмиш,

Тетиги Грузия, Украинадан жуккан ооруу имиш,

Аягы айланса да ботко, кишмишке.

Бул уже биздин эмес маселе, ишибиз —

Баардыгана жооп беришет эртең —

Жыргал турмуш жаралабы же тажаалбы, —

Революциянын самап жараткандар,

Алла-Талаага ыраазылыгыбызды айталы бүгүн,

Мекенибизди өзгөртүүгө жол ачып бергени үчүн.

Мурдагы бийликке өлкөбүздү мүлжүттүрбөй бүтүн,

Жүрөк үшүн алдырып, четке кууп чыкканы үчүн.

Даанышман:Ооба, ырахмат сага, Кудайым, Кыргызстанда ушул күндөрдө болуп жаткан саясий окуялар Сен тууралуу кабарды берип жатпайбы.

Эл-аралык эксперт:Албетте ырахмат. Heaven blesses Kyrgyzstan selectively. For that yours people must to act and behave respectively, because it is Revolution!

Эл үнү:Рахмат сага, Жараткан!

Сценага Журналист менен Рухайым чыгышат.

Рухайым:Асман, Тенир, айкөл Манас баатырыбыз ушуну билишкен, өз батасын беришип. Кыргызстанды асмандагы улуу күч дүйнө-жүзүндөгү ажайып пилоттук проект, долбоор катары кабыл алды. Ушуну унутпайлы. Кыргыз эли, жери улуу экенин, Кудайдын көзү бизге түз болгонун сезбей жатасыңарбы?

Журналист:Эгерде андай болбогондо, кантип Ак-Үй куламак? Курал-жаракка жык толгон плутократ ажонун чээни. Кыргыз элинин алтынын, пахтасын, сууларын, жерин тоногон падыша, Аксы элин аттырган зөөкүр бийлик дагы бир жолу массалык түрдөгү кан төгүүдөн, өз элин автомат менен атуудан баш тартат беле?

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Похожие книги на «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма»

Представляем Вашему вниманию похожие книги на «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма» списком для выбора. Мы отобрали схожую по названию и смыслу литературу в надежде предоставить читателям больше вариантов отыскать новые, интересные, ещё непрочитанные произведения.


Замирбек Осоров - Сага о спасении «Кыяла»
Замирбек Осоров
Отзывы о книге «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма»

Обсуждение, отзывы о книге «Март Революциясы. Коомдук-саясий драма» и просто собственные мнения читателей. Оставьте ваши комментарии, напишите, что Вы думаете о произведении, его смысле или главных героях. Укажите что конкретно понравилось, а что нет, и почему Вы так считаете.

x