Диктор:Негизинен демократиялык өлкөлөр дүйнө жүзү боюнча Бишкекте болуп жаткан тарыхый окуяны революция катары кабыл алышты.
Эл-арадык эксперт:Yes it is. This is the Great Kyrgyz Revolution! The day when Heaven told with people on the Ala-Too.
Диктор:
Ошол эле мезгилде СНГ өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, Грузия менен Украинадан тышкары, Март ыңкылабын салкын маанайда тосушуп, Россия Кыргызстандагы болгон окуяларда кайра эле Батыш менен Американы айыптагандай сыр көрсөтүп, Кыргызстандан качкан экс-ажоону өзүнүн жылуу берешен кучагына алып коргоду.
Бул жагынан алганда ыңкылаптын душманы болуп аталган, Акаевдин лагеринен чыккан журналист-Балитологдун айткан сөзү өзгөчө маанилуу. Мына мындай ал Москвадан чыккан газетага айтыптыр:
Трибунага Балитологчыгат.
Балитолог:Разумеется, революцией в Кыргызстане и не пахнет. Произошел банальный переворот и приход к власти южных кланов взамен уступившего северного акаевского рода. Однако у нового руководства Кыргызстана свое мнение по этому поводу, и они уверены, что то что имело место 24 марта является революцией. Тогда как для этого дня больше подходит название – День мародера.
Куудул Балитологду трибунана түртүн, анын ордун ээлейт,
Балитолог «Я протестую» деп, бирок трибунадан кетет.
Куудул:Атаңдын көрү, өзүң мародерсун,
Акаевдин куралын көтөргөн бирөөсүн.
Өлкөнүн уурдалган акчасынан күн көрөсүң,
Чындыкка жамынган жалганды жазып көнгөнсүң!
Буларга ишенбегиле эч качан, калайык,
Акчаны ар тараптан соруу – булардын өнөрү анык.
Ким акчаны көп берсе,
Ошерде тинтип жүрөт мындай балит нерсе.
Эл үнү:
Молодес, эң туура айтасын
Жоголсун Кремлдин куйругу,
Керек болсо Кремлди да талкалайбыз,
Эгерде мындай болсо Асмандын буйругу.
Авторитаризмди сагынгандын баары,
Ыңкылаптын душманы.
Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,
Төнкөрүлсүн баары каргыштан!
Ыңкылаптын шаңдуу музыкасы угулат.
(Көшөгө).
Караңгылаган сахнада Журналист менен Рухайым калышат.
Журналист:
Март ыңкылабы
Маалымат согушун ырбатты,
Журналисттер эки тарапка бөлүнүп,
Чындыктан биротоло баш тартып
Бири-бири менен кармашты.
.
Рухайым:
Аларга теңелип,
Көзү ачык, бакшы, олуя,
Маркумдар менен сырдашканы,
Наркы дүйнөгө тиктегени олурая —
Бөлүнүп эки лагерге алар да
Бири-бири менен кырылышты.
Акаевдин кара күчтөрү
Ак күчтөр менен таймашты.
Баалайбы бул бийлик, түшүнөөр бекен
Эки дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү?
Журналист:
Эки эмес – үч дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү.
Рухайым: Кандайча?
Журналист: Маалымат чөйрөсүндө – бул бир дегин. Виртуалдык дүйнө – Интернетте. Бул эки дегин. Анан, эң акырында, көзү ачыктар, периштелер, желмогуздар дүйнөсүндө. Сен бул жагында президентибиздин фронтун бекем кармап турбадыңбы.
Рухайым: М-да!
Журналист:Айтмакчы, Акаев президентиктен кетет деген кабарды алгачкы жолу качан алгансың?
Рухайым: Башынан эле бул адам бийликке татыктуу болгон эмес. Асман бул бийликти Чыңгыз Айтматовго буйруган эле, ал болсо бул асмандын буйругун Акаевге тапшырып берген. Улуу жазуучубуз ушул кадамы менен оор катаны кетирген.
Журналист:Бирок башында коомчулук аны жакшы эле кабыл алды го?
Рухайым: Албетте, элдин үмүтү бар болгон, ал турсун Чынгыз Айтматовдун тандаганына да ишенишкен башында. Бирок, Асман, Манас атабыздын руху башынан эле бул кишиге каршы болгон. Ошого карабастан алгачкы жылдары Асман тим болгондой сыяктанган, бул президенти өз эркине коюп, балким оңолуп кетет деген ниетке өзүн өзү алаксытып. А бирок, анын жыйынтыгы жакшы болбоду. Президенттин бийликке татыктуу эместигин, кыргыз элине зыяндан башка эч нерсе алып келбестиги бат эле аныкталды.
Журналист:Качан сен анын тактан шерменде болуп кеткенине көзүң жетти?
Рухайым: 95-жылдары болушу керек. Ал менин түшүмө жылаңач болуп кирген болучу, ошондо мен алгач ирет анын аягы жакшы болбойт деп билгемин. Чынында бул киши ошондо эле президенттиктен кетиши керек эле, бирок ал мезгилде ал күчкө кирип, эсине келе баштаган Чынгыз Айтматовду бийликке келтирбей койбодубу.
Бирок Айматов өзү күнөлү болду. Башынан эле, эл аны сурап жатканда, президенттикке келгенде, Кыргызстан өзүнөн өзү эле оңолмок.
Читать дальше