Махабат Тагай - Жаңы дүйнө келүү

Здесь есть возможность читать онлайн «Махабат Тагай - Жаңы дүйнө келүү» — ознакомительный отрывок электронной книги совершенно бесплатно, а после прочтения отрывка купить полную версию. В некоторых случаях можно слушать аудио, скачать через торрент в формате fb2 и присутствует краткое содержание. Год выпуска: 2020, Жанр: Короткие любовные романы, Фантастические любовные романы, на русском языке. Описание произведения, (предисловие) а так же отзывы посетителей доступны на портале библиотеки ЛибКат.

Жаңы дүйнө келүү: краткое содержание, описание и аннотация

Предлагаем к чтению аннотацию, описание, краткое содержание или предисловие (зависит от того, что написал сам автор книги «Жаңы дүйнө келүү»). Если вы не нашли необходимую информацию о книге — напишите в комментариях, мы постараемся отыскать её.

Аңгемелерде каармандардын тагдыры, алардын жасаган иштери чагылдырылган. Доордун агымындагы ар кандай тоскоолдуктарды жеңүү, турмуштун оор сыноолорун көрө албастык, жек көрүү менен эмес, сүйүү менен жеңүүгө үндөйт. Аңгемелер мистикалык окуялардан турат. Ошентсе да окуялар чыныгы жашоодон алынды. Биздин жашоо байкалбаган тоскоолдуктардан жана жоопсуз суроолодон түзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга маңыздуу жооп издөөгө түрткү берет. Чакан бул китепче ар бир окурмандын жүрөгүнөн түнөк табаарына ишенемин. Сиздерге ак жол, бакубат жашоо каалайм урматтуу замандаштар!

Жаңы дүйнө келүү — читать онлайн ознакомительный отрывок

Ниже представлен текст книги, разбитый по страницам. Система сохранения места последней прочитанной страницы, позволяет с удобством читать онлайн бесплатно книгу «Жаңы дүйнө келүү», без необходимости каждый раз заново искать на чём Вы остановились. Поставьте закладку, и сможете в любой момент перейти на страницу, на которой закончили чтение.

Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Мен бул дүйнөнү төрөлгөндөн тартып, өзүмө жат ынңгайсыз чөйрө катарында кабыл алдым. Анткени мага бейтааныш адаттар, көңүлкош мамиле, дүйнөдөгү сүйүүнүн аздыгы түйшүккө салат. Кала берсе жакыным деп эсептеген киши да, күндөрдүн биринде жырткычка айланышы мүмкүн. Ооба адамдар эки буттуу жырткычка айланышты. Алардын арасында саналуу гана абийирлүү адамдар бар.

Менин жүрөгүм эңсеп күткөн абийирлүү адамды таап алып маектешким келет. Андай адамды кайдан табамын? Жер шарынын кай бир жерлеринде ушундай адамдар жашап жатышат. Аларды өз көзүм менен көрбөсөм да, жүрөгүм менен сезем.

Өмүр кыйырында, анын катаал жолдорунда бара жаткан мен жашоонун маңызын жоготтум. Көп жыл азап тарткан адамга окшоп калдым. Ошол азаптын айынан өңдөн аздым.

Мага кымбат деп эсептеген кишимди жоготтум. Ал менин атам. Ал мен кыйналганда кам көрчү. Ыйласам мени сооротчу. Мына эми батыштан суук шамал айдап келип ,менин чатырымды силкилдетти. Менин эмнем болсо ошонун баарынын чаң тозоңун сапырып асманга чачты. Талаада жалгыз сокойгон даракка окшодум. Жашоом супс ак көнүлсүз нукка бурулду.

Тынч бурч издеп өзүм менен өзүм алектенип, делбеге окшодум. Айланамда жашоо уланып жатты. Күн батып, таң агарып, күн артынан күн өтүүдө. Кимдир бирөөлөр түйшүккө терең батып , акчанын артынан кууп кетти. Аны адамдар абдан кадырлап калышты. Бул менин акылыма түк сыйбайт. Мен үчүн бул жат нерсе.

Жок мен бул дүйнөдөн эмесмин дедим ичимден. Жок деп кыйкыргым келди. Бирок менин үнүмдү ким угат? Адамдар бирин бири өлтүрүп жатышат, тоноп жатышат. Муну айрым ыпылас ойго азгырылгандар кадыресе көрүнүш катарында кубатташат. Зөөкүрлөрдүн изи менен бара жаткандардын саны арбып баратат. Алар акча үчүн өз жакындарын сатышат. Амалкөй түлкү кейпин кийип алып, бирин бири азгырышат. Жок бул дүйнө мен үчүн эмес. Бул дүйнөдөгү ар бир адилетсиздик үчүн жан дүйнөм эңшерилет. Калпычы жашоонун арабасы баарын жүктөп алып өлүмгө карай алып баратат. Анын ичинде карысы да, жашы да, бөбөктөр да бар. Алар жашоо кызыктуу, бул дүйнөнүн оош кыйышын жеңип өтөбүз дешет. Өздүрүн өздөрү мына ушинтип алдашат. Амалкөйдүн анткор экенин алар унутуп калгандай.

Жаш чагым эсиме түштү. Мен жүгөрү талааны аралап жүгүрдүм. Ал анчейин бийик өсө элек болгондуктан, мен жөөктөн жөөкө өтүп чуркап жүрдүм. Эмнеликтен ошенткенимди азыр кылдат эстеп жатам.Мен ошондо бейпилдикти, сүйүүнү, чындыкты издедим. Атам дүйнөдөн өткөн соң, жашоом кескин өзгөрдү. Жалын жалп этип өчкөнсүп, караңгы дүйнөгө кирдим. Көлөкө болуп жоголуп бараттым.

Өз ичимден мен адаммын , менде сүйүү болушу керек дедим. Ал бийиктеп өсүп бутак жайып кипарис дарагындай болуп гүлдөшү керек. Мен бул жарыкта сүйүүсүз жашай алмак эмесмин. Бул дүйнө канчалык боёгу менен мени мас кылбасын мен сүйүүсүз мүрзөгө айланмакмын. Сүйүү тартуу эткен Жаратканга алкыш айтып турдум. Ага менин ыраазычылыгым чексиз эле….

Башкалар өңдөнүп иштеп көр оокаттын айынан алек болуп жүрсөм да, мени кызыктырган нерсе денелик муктаждыктарымдан жогору турду. Кызыктырган бир гана нерсе чексиз сүйүүнү таап аны башкаларга тартуу кылуу. Бул рак оорусун айыктырууга тете дабаа эмеспи. Жарык дүйнөдө азына да, көбүнө да топук кылып жашадым. Көп адамдар айыпсыз өлүмгө дуушар болушат. Кээ бирөөлөр тегирмен ташындай оор күнөөсү болсо да аман жүрүшөт. Бул оомал төкмөл дүйнөнүн телегейи кайда? О дүйнө эмнеге былк этпей турасың? Жакынына тузак жайгандарды телмирип карап турасың. Менимче сен мага караганда сабырлуусуң. Адилетсиздикти сүйүү аркылуу жеңгенге үндөп жатасың. Мыйзамсыз иш кылгандарды жазалаганга шашпай турасың. Алардын убактысын белгилеп мөөр басып койгонсуң. А менчи? Мен деле ошолордун биримин. Бир гана айырмам мени ар убак абийирим ашкерелеп турат. Мыйзамсыз иш жасаганга бөгөт коёсуң. Мына мага көрсөткөн сенин улуу сүйүүң. Ушунун өзү мага чоң дем берет.

Акыркы убакта менин жашагым келбей ,денемди муздак тер баса баштады. Адамзатынын шумдуктуу жашоосу көңүлүмдү кирдетип, өзүмдү өзүм басынта баштадым. Негедир улам тереңдикке чөгө бердим. Көөдөнүм ыйга толуп кетти. Өзүмдү өзүм токтото албай ыйлап жаттым. Өпкөмдү баса албай эчкирип ыйлачу болдум. Апам эшикти тыкылдатты.

– Боорум балам эмне мынча ыйлайсын? Сени мынчалык ким капа кылды? деди маңдайыма келип.

– Апа баары жакшы. Мен үчүн кам санаба. Апам мени төшөк менен кымтылап жаап чыгып кетти. Чындыкты айтайын дүйнөдө энелер аман болсун. Алар ар дайым перзенти үчүн кам көрүшөт. Жаман болсо да, балдарын жакшы дешет. Өз балдары үчүн жанын бергенге да даяр байкуш энелер. Менин энем да ошондой энелерден.

Читать дальше
Тёмная тема
Сбросить

Интервал:

Закладка:

Сделать

Похожие книги на «Жаңы дүйнө келүү»

Представляем Вашему вниманию похожие книги на «Жаңы дүйнө келүү» списком для выбора. Мы отобрали схожую по названию и смыслу литературу в надежде предоставить читателям больше вариантов отыскать новые, интересные, ещё непрочитанные произведения.


Дейвид Едингс - Пророчицата от Кел
Дейвид Едингс
Ніна Мацяш - Поўны келіх
Ніна Мацяш
Костянтин Москалець - Келія чайної троянди. 1989-1999
Костянтин Москалець
Кел Дести - Вечность
Кел Дести
Кел Дести - Сон Разума
Кел Дести
Кел Дести - Красная кнопка
Кел Дести
Ыбырай Алтынсарин - Кел, балалар, оқылық
Ыбырай Алтынсарин
Жұмекен Нəжімеденов - Келін
Жұмекен Нəжімеденов
Отзывы о книге «Жаңы дүйнө келүү»

Обсуждение, отзывы о книге «Жаңы дүйнө келүү» и просто собственные мнения читателей. Оставьте ваши комментарии, напишите, что Вы думаете о произведении, его смысле или главных героях. Укажите что конкретно понравилось, а что нет, и почему Вы так считаете.

x