Бийкечтин колундагы нандан ооз тийип бүткүчө, ары жактан узун бойлуу, чачын артка тараган, ак көйнөкчөн жигит келип калды.
– Салам биздин кадырлуу коногубуз. Киши да көзүмө ажарлуу көрүндү. Негедир бул жерде коркуу, тынчсыздануу жок. Кишиге колумду сундум. Саламдашкан соң, ал өзү менен тааныштырды.
– Менин ысмым Канафил. Мен үй бүлөм менен төртүнчү үйдө жашайм. Эки кызым бар. Аялымдын аты Бинаил.
– Кечиресиз бул жерде палестиналыктар, азиялыктар да жашайбы?
– Сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз ошондуктан ушинтип сүйлөп жатасыз. Биздин шаарда улуттар эмес элдер жашашат. Кайсы жерликтер эмес, тандалган элдер жашайт. Мен эч нерсеге түшүнбөй үйдүн ичине кирдим.
– Олтуруңуз деди мени биринчи тосуп алган бийкеч. Дасторкон жайып, даамдуу тамак – аш, мөмө-жемиштин түрлөрүн жайнатышты. Мен негедир өзүмө келе албай толкунданып турдум. Жүрөгүмө эбегейсиз тынчтык орноду. Ал жердин тургундары менен тил табыша баштадым. Алар мени даамдуу тамактар менен коноктоп жатышты.
– Мен сиздин атыңызды суроодон ийменип жатам. Жанагы бийкечке сүйлөгөндө сүрдөп , эки бетим чоктой кызарып чыкты.
– Эдеми деди кыз назик үн менен.
– Менин атым Тоби. Сиздин Тоби экениңизди уктум. Кыз менин жанымдан аркы-терки өткөн сайын, жыпар жыт аңкып турду.
– Мага дүкөн каерде экенин айтып коесузбу?
– Эмне муктаждыгыңыз бар?
– Мурут алуу үчүн устара сатып алсам болобу? дедим.
– Канафил мырзанын үйүндө жаңы иштетиле элек устаралар бар. Азыр сизге алып келип берем.
– Жок тим эле коюңуз, дүкөндөн сатып аламын.
– Бизде дүкөн болбойт, кампалар болот.
– Эмнеге? мен таңыркап сурадым.
– Биздин үйлөргө башка шаардан бизге керек болгон буюмдарды алып келип беришет.
– Анда мен тыйын берейин Канафил байкеге берип коёсуз дедим .
– Биздин жашоодо эч нерсе сатылбайт. Баарын бекер алабыз.
Мага берилген бөлмөдө эс алдым. Кандай дүйнөгө келип калганыма аң таң болдум. Бул жердеги жашоо менин мурунку жашоомдон абдан өзгөчөлөнүп турду. Жашоом заматта башка нукка бурулуп кеткенине ишеналбай жаттым. А бирок ошол эле учурда жаныма тынчтык келди. Бул дүйнөдө адамдар бирин – бири чындап сүйүшөрүн билдим. Мага дарбаза ачылганда сүйүү, адилет дүйнөсүнө кирдим.
Таң эртелеп чымчыктын сайраганы угулду. Ордуман ушунчалык жеңил турдум. Оң колум көптөн бери артриттен жабыркачу. Бүгүн колумдун жеңилдигинен оорунун бир да белгисин сезген жокмун. Айтор айыгып калдым. Көңүлум шат терезени ачканымда түркүн куштар учуп жүрүптүр. Алар ар кандай түстө экен. Кичинекей ала куш пырпырап терезенин жанына келип конду. Ал жагымдуу сайрагандыктан жүрөгүмө кубаныч кирди. Биз ушундай кооз кереметтүү дүйнөдө жашайбыз. Ушул тынч бейкүнөө жашоону биз менен бирге даңкта дегенсип канаттарын кагып сайрап жатты.
Бактын ичинде бир нече отургучтар, ары жакта шөкүлө сыяктуу курулган үйчөлөр көрүнөт. Дарактар ушунчалык жапжашыл болуп көктөп,шамал айдаган жактан алардын жагымдуу жыты буркурады. Абадан кере-кере дем алып, жумшак отургучка келип отурдум. Мен Эдемини издедим . Кантсе да үйдүн ээси эмеспи. Анын уруксатысыз мен бир да буюмду кармамак эмесмин.
– Эдеми дедим акырын. Үйдүн эмеректери абдан таза тыкан тутулган. Өмүрүмдө көрбөгөн буюмдар да бар экен. Ал буюм асман менен жерди бириктирүүчу алтын шаты. Тепкичтери алтындан, эки устуну күмүштөн жасалыптыр. Бөлмөнүн ортосунда чай ичүүчү самоор көрүндү. Кесилген ак нан, кара жүзүмдүн шиңгили, тилке коон, бир нече шириндиктер үстөлгө жайната коюлуптур. Урматтуу мырзам жакшы уктап турдуңузбу? Эдеми жылмая эшик жактан кирип келди. Мен эмне дээримди билбей апкаарыдым.
– Келиңиз чайга. Ал үстөлгө кол жаңсады.
– Чай ичип болгон соң, Эдеми мага карады: – мырзам кечээ устара сураган элеңиз. Шаарыбыздын ушул иш боюнча алектенген адамы муну таштап кетти. Эдеми устараны мага берди.
– Оо жакшы тура. Мунуңуз канча турат?
– Канча турат дейсизби?
– Ооба буюмду бекер албайм го.
– Бизде бир да нерсе сатылбайт деди Эдеми.
– Түшүнбөдүм. Сатылбайт дегениң эмнеси?
– Мырза Тоби сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз. А бул жер түбөлүктүү өмүр дүйнөсү. Сиз билбегендиктен ушинтип сүйлөп жатасыз. Күн өткөн сайын, биздин дүйнө менен таанышып, анын кандай экенин билип каласыз.
– Кызык дедим мен. Өлүктөр дүйнөсү дейсиз, ошол кыйналгандардын баары ушул дүйнөгө келишпейби? Эмнеге ал жакта азап тартып жатышат? дедим. Эдеми мени адаттагыдай угуп отуруп, жагымдуу жылмайыңкы жүз менен суроомо жооп бере баштады.
Читать дальше