Ошентип бул дүйнөнүн кубулма түсүнө көнө албай, өзүмдү өгөй уулдай сездим. Денемдин бүт жери жаракат алды. Соо жерим калган жок. Көзгө көрүнбөгөн жегичтер мени жеп жатышты. Түнкү үйкум качты. Кулагыма бир үн келип жаңырат.
– Сен кимсиң? Эмнеге уктабай жатасың? деген үндөр кулагыма шак дей түштү. Кулагымды бекем жаап алып аркы терки басып жүрдүм. Баары түнкү үйкуда сулк жатат. Жалгыз мен ушул коңулда белгисиздик менен алпурушуп жаткансыйм.
Кирпик какпай таңаттырдым. Таңга жуук ак көйнөүмдү үтүктөп кийип, күзгүнүн жанына келдим. Арыктай түштүм көрүнөт, көйнөгүм бошоң тартып калыптыр. Жаагымды акырын сылап, күзгүдөн өзүмдү карап түнжурап кеттим. Ой күлүк эмеспи бүт ааламды канат жайып кыдырып чыктым. Күзгүнүн жанында көпкө кыймылсыз өзүмө өзүм тигилип карап турдум. Болор болбос бырыш көзүмдүн тегерегинде пайда болүптур. Бул сызыктар жашоодо көп азап тартканымдан кабар берип турду. Азаптуу дегеним кандай? Өлгөнгө дейре ач калып көрө элекмин, түрмөгө отуруп көрө элекмин. Мени көзгө көрүнбөгөн душмандар кыйнап жатты. Бетиме түкүрүп, жаагыма чабышты. Кара чачымды бирден агартышты. Муну менин жакындарым түшүнгөн жок. Алар мени жинди болду деп ойлошту. Мени түшүнгөн бир да жан жок.
Мен бир нече жыл мурун болгон окуяларды эсиме келтирдим. Ал мындайча болгон эле. Колунда шам чырагы бар ак сакалдуу киши түнкү саат үчтөр чамасында эшикти тыкылдатты.
– Билем мени келет деп күткөн жоксуң. Сага маанилүү иш менен келдим. Сен бул тапшырмага тандалган адамсың. Мен эшикти ачкан бойдон айран болуп карап турдум.
– Эмне силерде үйгө кир деп айтпайбы? Конокту босогодо кармап тура береби? деди.
– Кир. Мен эшикти ичинен жаптым. Ал мен жаткан жерге келип турду. Ал акырын мурутун сылады. Анын өңү адамдыкындай болгону менен сүйлөгөнү башкача эле. Анын көз карашы адамдыкындай эмес. Андан чыккан сөз жүрөгүмдү өрттөп жаткансыды. Мен абдан толкундандым. Ал мен жаткан жерди карап: – ушул жерде жатасыңбы? Эртең сага үч жылдыз келет. Маанилүү кабар алып келишет.
– Кандай кабар? мен чоочуп кеттим.
– Кадимки адамдар күткөн кабар. Ал көзүн жуумп кайра ачты да, мага карап жылмайды.
– Каралдым сен жаңыдан там туң баса баштаганда сага көз салгам. Он беш жыл өттү. Азыр сен чоңоюп калдың. Сага үчүнчү ирет келишим. Колумда кылыч бар мунун күчү чындык деди ал.
– Сен кимсиң?
– Убакыт келет баарын билип аласың. Биздин падышачылыгыбыз бул жерде эмес. Ал терезенин алдына келди.
– Эшик бул жакта дедим.
– Мен үчүн эшик да, терезе да болбойт. Жараткан кайда жиберсе, мен ошол жердемин деди да көздөн кайым болду.
Сакалдуу кишини үч ай көргөн жокмун. Уктасам да, ойгонсом да ошол жөнүндө ойлондум. Коркуу сезими жоголуп, сыйкырланган кишидей жаным ага кезигүүнү эңсей берди. Күндөрдн биринде мен жаткан бөлмөнүн терезесине шамал сокту. Барып карасам ошол киши туруптур.
– Мен келдим деди.
– Кир. Ал мен жаткан бөлмөгө кирди. Керебетке келип отурду. Негедир ал мага жакын кишидей сезилип кетти. Андан жакын киши жок өңдөндү. Менин ысымым Эбер.
–Айтсаң эмнеге мени аңдып жүрөсүң? Менден сага эмне керек?
– Сенин башкалардан өзгөчө касиетиң бар. Чаңкооң жер алдынан атырылып чыккан булактай.
– Азыр сен мага эмнени айтканы келдиң?
– Айта турган сөздөрүм абдан көп. Сен анын баарын сиңире албайсың. Анын баарын акырындык менен угасың.
– Арткы бөлмөдө эжем олтурат. Биздин сүйлөшкөнүбүздү угуп калышы ыктымал.
– Айтмакчы эртең эжең сумкасына сак болсун.
– Качан?
– Эртең дедми го. Аңгыча ичкери жактан эжемдин үнү угулду.
– Эй Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың? Анын бөлмөсүн ачып: – кабатыр болбо өзүммүн дедим.
– Көпкө сүйлөшүп жатканыңдан сыягы бирөө келген го дедим. Мен эшикти жаап Эберге карадым.
– Эми кетишиң керек. Ал адатынча көздөн кайым болду.
Эбер эртеси кечинде келди. Биз үйдө маектешип отурганда эжем менин бөлмөмө баш бакты.
– Тоби ким менен сүйлөшүп жатасың?
– Эч ким менен көрүп турасың го өзүм олтурам.
– Өзүңө окшобой турасың ким менен эмнени сүйлөштүң?
– Сени мага ким сот кылып койду? дедим бурк этип. Ортодо Эбер сөзгө аралашып калды.
– Эжеңе айт акчасын эртең уурдатат.
– Сен андан көрө эртең сумкаңа сак бол.
– Ии эмне болду?
– Сак бол деп алдын ала эскертип коймокчумун.
– Кайдан билесиң? Эжем бөлмөгө кирип алып, такып сурай баштады.
– Мээни айлантпай сабакты оку да, мектепке кечикпей бар. Анын үстүнө быйыл бүтөсүң. Эжем ашканага чыгып кетти. Айттым го адамдар оңой менен сөзгө ишенбейт. Аларга калп сүйлөсөң ишенишет. А сен алардын тагдырын алдын ала айтуучу болбо. Жалпы адамзаттын тагдырынын өзгөрөөрү жөнүндө билгизем ошону гана аларга айтасың. Эртең эмне болорун жалгыз Теңир билет.
Читать дальше