Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер төлөдө төрт адам араң батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык өнөрү бар жаран болсо керек – чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, үйлөтө берет. Өпкөнүн тебүүсү менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан соң арылып, аргасыздан Ташы үйүнүн жүзүн, бала-бакырасын көрөт. Дегинкиси, ал киши да жаңыга жан тарткан, жакшылыктан үмүт кылган эстүү-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай эңсеген.
Согуштан кийиңки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.
Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булуң-бурчундагыдай эле Куршаб чөлкөмүн да караңгылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан түшкөн базары менен баки-жокко дайын Өзгөндө гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жаңынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай үлп эте сүңгүп, үмүт отун тутанта берген.
Ал эми мектеп ачылганда карапайым калк тарабынан бул орошон окуя катары кабыл алынган. Адегенде биринчи сыныфка кол арага жарап, тестиер болуп калган уландар менен чыт курсактар да кошула тартылышкан. Алардын арасында сары түгү түшү элек балапандай бытыйган Кулназар да бар эле./ Мындай дегенибиздин себеби, ал кишинин баралына келгенде деле бою 160 см. дан ашкан эмес. / Ушул жерден эске түшкөндө болгон бир окуяны эскере кеткенди эп көрүп турабыз: 1955-жылы Кулназар Ташиев Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланып калат. Аны расмий ишаратка ылайык борбордук бийликтин жетекчиси эмгекчилердин областтык Советинин депутаттары жана актив менен тааныштырып, кандидатурасын сунуш кылууга тийиш болгон. Ошондогу Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Раззаков бул арбактуу кызматка Араван райондун атагын Союзга дүң кылган жана аны эмгек Баатырларынын конушунда айланткан партиялык ишмер Кулназар Ташиевди татыктуу деп эсептеп, анын кандидатурасын сунуш кылып жатабыз деп жарыялайт.
Салт боюнча сунуш кылынган инсан дамайым залда эле олтуруп, кандидатурасы жактырылгандан кийин гана президиум тарапка өткөн эмеспи. Бул сапар да ошол эле каада сакталып, Кулназар алдыңкы катардын четинде олтурган. «Баатырдын атын алыстан ук» дегендей анын мыкты жетекчи экендиги менен кабардар болсо да өзүн тааныбаган көпчүлүк таназар ала бербеген. Жанагы жарыядан соң зал жаңырта кол чапкан эл президиумга эңгезердей бирөө салабаттуу басып чыгат го деп ойлогон окшойт. Анан чыпалактай гана бою бар, гимнасттардай чапчаң жигиттин алдыга атып чыкканын көргөндө айран-таң калгандай зал бир саамга дымый түшөт. Анан трибунадан башы гана көрүнгөндө кайрадан аба жарган кол чабуулар жаңырат…
Арийне, бул жыйында Ташиев областтын экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу, эл чарбасын көтөрүү боюнча алдыда турган милдеттер аны жоюу жолдору жөнүндө өзүнүн ой-пикирин ортого салып, элдин оборун кызытып таштайт. Жыйынга келгендер бул жетекчинин туура тандалгандыгына аябай ынанып, кандидатурасын бир добуштан кубатташат. Ошондогу окуядан саал ызалана түшкөнбү, же жөн эле азилиби ал өз энесине кайрылып: – Ээ жарыктык, апа, ушу мени бөбөк кезимде бешикке бөлөсөңүз керек. Болбосо, менин деле боюм элдикиндей эки метрге жакын өспөйт беле. Азыр минбарга /трибунага/ чыксам, бири көрсө, бири көрбөй калып жатат, – деп калат. Анда энеси: – Кагылайын каралдым, мен жараткандан сага теректей бойду эмес, терең ойду, бак-таалайды сураганмын. Тиги улуу Ленин деле, жетекчибиз Раззаков деле орто бойлуу адамдар турбайбы. Сен деле ошолордой болсоң, боюң эмес, мартабаң көккө жетпейби, – деп жооп кайтарган экен. Дегинкиси Кулназар аганын энеси өтө зээндүү, бары-жокко көзү жеткен киши болгондугун айгинелеген далай мисалдар бар.
Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири – молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!
Читать дальше