Элимде толкун чачкан көлдөр көп,
Ээ-жаа бербей агып жаткан суулар көп.
Бийиктиги булуттардан ары ашып,
Биздин жерде «Жеңиш» сындуу чоку көп.
Жердин шары мелт-калт ырга айланган.
Жергебиз өлбөс эпостой жаралган.
Кыргыз жерин күүгө айлантып таштаган,
Кылым ыры бул Сагынбай океан.
Жакшылар барда кубанычтуу кең аалам,
Кыргыз элдин бактысына жаралган.
Санжыралап Манас ыры айтылган,
Сагынбай барда кыргызымда эмне арман.
САЯКБАЙГА
Саякбай ата келатат,
Чылк алтын деп эсептелип.
Урматтала сыймык калып,
Улуу акын таш бетине чегилип.
Куйма алтын болбой калмак,
Жез, калай, темир аралашса.
Анда адамдар аташмак,
Асыл эмес жөн эле аралашма.
Куйма алтын болгону үчүн,
Саякбай, Саякбай болуп аталбайбы.
Анын аты айга, күнгө тең келип,
Ар күнүнө Манас айтып жатпайбы.
***
Шексиз кең ааламды багындырган,
Шекспир, Данте, Руставели бар.
Алардын аты алыска тарагандар,
Акылман аты аталган укмуш баяндар.
Биздин Сагынбай менен Саякбай,
Андан кийинки эле Жусуп Мамай.
Бийиктикке жылдызы учуп оболойт.
Алардан даңазасынан ашык болот
Асты такыр алардан кем болбойт.
ТӨКМӨ АКЫН КОРГООЛ ДОСУЕВГЕ
Арзыматтар жок болду,
Байларды мактаган.
Көп ырчылар унутулду,
Партия деп какшанган.
Стакеге берилип,
Сталинге жагымбады.
Өзүн-өзү мактаган
Өкмөт деп сайрабады.
Уу тилдүү сөзү курч,
Уч калем менен сайгандай.
Купшуңдап укмуш сайраган,
Куудул болчу чарчабай.
Кор турмуштан өйдө болуп,
Коргогон адам баркын,
Кор кылбаган талант даңкын,
Коргоол ырчы жашасын!
Кылымдарга даңкталып,
Кыргыз элде аты калсын.
Элде калган атагын,
Элибиз сени мактасын

СЫНЧЫ КАДЫРУУЛ ДАУТОВГО
Барпы десе Кадыркулду билебиз,
Кадыркул десе Барпыны билебиз.
Даңазалап улуулуктун улуу жолун,
Дайнын айтып аңгемелеп келебиз.
Акын Барпы түбөлүккө жашай берет,
Аралап өтүп далай кылымдарды.
Сынынан жазбай улуу акындай,
Сын жазып сынчы Барпы жаралды.
ЖЕҢИЖОККО
Бабалардын тукуму келет үзүлбөй,
Бактылуулук мындай уулду төрөгөн.
Эң ириде Жеңижок акын бүтүндөй,
Энеден эле акын болуп төрөлгөн.
МАНАСЧЫЛАРГА
Аты уйкаш Сагынбай менен Саякбай,
Кылымдардын кыйрын келет аралай.
Кадимки кичинекей баштын ичине,
Чоң мухит кантип сыйды экен.
Кит сүзүп, жашап анда балыктыр
Кыйры алыс ушунчалык кеп-кенен.
Канча кылым өтсө дагы закымдап,
Улуу мухит унутулбай сакталар,
«Айткыла!» деп түшкө кирип жатпайбы,
Абалкы бир тээ байыркы бабалар.
СЕМЕТЕЙЧИ САГЫНБАЙ га
ЭПИТАФИЯ
Акын өзүн Семетейчимин дечү эле
Айтканда ырысы жанган жылдыздай,
Мейкини кеңип улам-улам арылай
Мемиретип дүйнө ачып баш аягы табылбай
Семетейди Манастан жакшы айтчу эле
Семетейи жазылбай калып арманда,
Бир сабы да калбай калып кагазда,
Ал көрүнүш кыргыздарга арманбы ия?
Арман анан жаш агызган эпитафия.
Семетейи кагазда калып жазылганда
Мындан дагы бай болмок кыргыз эл
Өлбөс даңкын кан-жанына сиңирген.
Жаш агызып ошол болду арманы,
Жан кейитет Семетей тоосу табылабы.
Ошол болот кыргыз элдин арманы
Кандай кылып толтурабыс ал арманды.
МАНАС ЭПОСУН МАНАСЧЫЛАРДЫН ООЗУНАН
ЖАЗГАН ЫБРАЙ АБДЫРАХМАНОВГО
Ачка, ток ысылы сууктарга кабылган,
Ээрчип жүрүп Сагынбайдын артынан.
Чыгарма кылып Манас ырын жараткан
Бир сөзүн калтырбастан бүт жазган.
Үй бүлөсүн такыр эле карабады,
Ак кагазга ар дайыма ыр жазганы.
Кылымга өмүр сүрүп жашасын,
Манас ырын тукумдарга калтырган.
«Ата» деп ээрчип туяк калбады
Ал адамдын ошол эле арманы.
Бирок ток пейил тарткан санаасы,
Өзү жазган китеби анын баласы.
Оор кезде Манас ырын жараткан
Миң мертебе Ыбрайга ырахмат.
Алп адам Сагынбай, ысымы менен
Анын аты ар дайыма даңктанат.
Ал болбосо Манас ыры жазылбай,
Бул жашоодо такыр эле жок калмак.
Сагынбайдын аты менен тең турат,
Кыргыз эли ал адамды урматтайт.
Манаптар да жаздырбады Манасты,
Байлар дагы жаздырбады Манасты.
Калем алып жазып чыкты Манасты
Манаптардан өйдө атак даңкы,
Мындай уулга түбөлүккө сый урмат,
Кыргыз барда анын аты унутулбайт.
УЛУУ МАНАСЧЫ САГЫНБАЙ ОРОЗБАКОВДУН
Читать дальше