Экөө дайым бир денеден жаралып,
Эч бир кезде өлбөстүгүн жоготпойт.
КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУНА
Ченемсиз жер Ысык-Көл
Чексиз кооздук созулган.
Чебер айтып сүйлөмдү
Чечен чыкты көл боюунан.
Оймоктой болуп Ысык-Көл,
Ой санаадан кетпеген.
Ойлонтуп укмуш кеп айтып,
Олуя чыкты бул жерден.
Магдырап жатат тоолорубуз,
Манас ата өзү жердеген.
Маанилүү сонун кеп айтып,
Маселчи чыгып мекенден.
Атыр жыттуу Ысык- Көл,
Адамдын кетпейт оюунан.
Атпай журтка белгилүү
Акын чыкты көл боюунан.
Даңазасы чыгып мындайлар,
Дайым эле жаралбайт.
Дааналап айткан турмушту
Даанышмандын аты аталат.
ЗАМАНИСТЕР
Арстанбек, Молдо кылыч, Калыгул
Алсыздык заман ырын ырдаган.
Борбордук комитет аларды,
Эскичил «заманчы» деп атаган.
Доор өскөрүп чыга келди акыйкат,
Алар эми заманчылар аталбай.
Ырчылар баркталып сыйланып,
Ырларын адамдар окуйт таштабай.
Баягыда заманачы деп аталбай,
Самандай жер бетине ташталбай.
КАЛЫГУЛ ОЛУЯ
Эл башчысы Усубалиев Турдакун,
Өзүнүн чоң атасы Калыгулду.
«Заманачы» деп баалабай келген,
Залакасы тийеби деп эскербеген.
Анын атын эскерүү коркунучтуу,
Ала салып кетем деп чебердеген.
Хандыктан кетти, коркунуч жок,
Калыгулду олуя деп жарыя салган,
Ырастап келип тарых жолун,
Ысымын көп жерге коё баштаган.
Өгөйлөбөй баардык элге жарыялап
«Өзүмүн чоң атам» деп кабарлаган
АРСТАНБЕК Б УЙЛАШ УУЛУНА
Казактар баалап сыйлашкан,
Каңтарбай келип кармашкан.
Каңтарбай деген алп акын
Казак, кыргызга аты жанган.
Арстанбектен жеңилип,
Алсырап алдан тайган.
Мындай сөздү кеп салган:
« Эки ийнинде эки булбул,
Маңдайында жылаңач бала,
Шооласы тараган айланага,
Төрт тарабы сыйкыр толгон,
Төрө ырчыга окшогон.
Аны менен кантип кармашам,
Алдан тайып баратам»,
Төкмө укмуш күлүк жорго,
Даңкы кеткен оңго-солго,
Айтыштын улуу арстаны,
Акындар каршы чыга албады.
Терең ойчул дастанчы,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжырачы жана тарыхчы,
Беш жүз күүнү ал черткен,
Белдүү сыйкыр касиетти эстеткен,
Адамдар айткан «арстан» деп
Сөз атасы улуу Арстанбек.
Жылдызга карай улам сызып,
Жылдарга карай доош кеткен.
МАНАСЧЫ КЕЛДИБЕК БАРБОС УУЛУНА
Даңтап айткан Манасты
Табылбас андай Манасчы.
Атактуу, алп Манасчы,
Ай-жылдап айткан Манасты.
«Келдибек Барыбос уулу,– дейт,
Кезинде укмуш чыкты дейт.
Ырамандын ырчы уулунан,
Түшүндө бата алган дейт.
Келдибек Манас айтканда,
Күн бүркөлүп, шамал согуп,
Жер титиреп улам козголуп,
Оёң жерди аралай,
Ой-тоолорго бороон болуп,
Манастын кырк чоросу,
Аралай чаап короону,
Үйөр жүрүп тынч албай,
Жамгыр төгүп басылбай,
Келдибек Манас айтканда,
Үзүк туурдук кыймылдай,
Түндүк жабуу тынч албай,
Шамал аны сапырып,
Бир ачылып бир жабылып.
Кылыч менен найзанын,
Тынымсыз үнү жаңырып.
Түбүрттөнө ат кошкуруп,
Ит улуп кой маарап,
Жоокерлер кетип жаткансып,
Курал- жарак шарактап.
Баатыр Манас өткөндө,
Ажыдаар ээрчип артынан,
Абдан кызык көрүнүштөр,
Айланага улам жаңырган.
Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,
Бул дүйнө өзү бир жалган.
Бири келип, бири кеткен
Бул жашоонун баары жалган.
Манасчынын дөө шаасы,
Алп Манасчы Келдибек,
Бир жаралып, бир кеткен.
Баш аягы деги чексиз,
Чоң мухитти эстеткен
Алп Манасчы Келдибекти
Кара жер кантип алды экен.
Алптын аты унутулбай,
Атпай эрдик калган экен.
Кыр-кырларда жомок айтып,
Кыргыз эли эстеп келет экен.

МАНАСЧЫ САГЫНБАЙГА
Бактылуу бажырайган күндө төрөлүп,
Пайгамбардан алса керек батаны.
Кыргызымда Манас ыры күндө өнүп,
Кылымдардын кыйрына кетип атагы
Сап ыры куйма алтындай жаралып,
Сагынбай ата өлбөс ырга айланып.
Күн сыяктуу өчпөстүгүн белгилеп,
Ар күн сайын кыргыз элде жаралып.
ДАГЫ ЖУСУП БАЛАСАГЫНГА
Иргелип адамдардын арасынан
Чыгат тура залкар бийик акылман.
Кийинкиге өлбөс мурас калтырган
Китеп жазып, үй тургузган акылдан.
Андайлар өлбөс болот түбөлүк,
Акылынан саат сайын гүл өнүп.
Байыркынын шаңы өңдөнүп бийикте,
Бабалардын байлыгы ал – өлбөстүк
ДАГЫ САГЫНБАЙГА
Читать дальше