Аны издеп тыным албай жер кезем.
Ат арытып таап чыксам жол оңун,
Ал шумкарга туулган жерден кездешем
ЭНЕ СҮТҮ
Биз тааныган бир бала
Адашып кетти туманда.
Кар кычырап айлуу түндө
Жүрүү кыйын ызгаарда
Суук күчөп аязда,
Баланы издей башташты.
Жоголгон улан каякта?
Жокту издеп табышты.
Доктур берди дарыны,
Ал бербеди жардамды.
Чогулган жандын баары,
Таппай турду амалды.
Энеси көрүп баланы,
Жашын төгүп кайгырды.
Жаш баланын оозун ачып,
Аппак сүтүн тамызды.
Тоңгон бала тирилди:
«Амансыңбы эне!» -деди.
Жаадырап күлүп жайнайт,
Жаз элеси чачырайт.
«Адаштым сенден энеке.
Келдиңби менин энекем»
Жыргап күлүп шаттанат.
Жанында турат кең мекен.
Аяз, азап, баарын жеңген,
Эне сүтү ыйык экен.
Тоңуп калган балага,
Жан киргизип тирилткен.
Жаз айы анан жылмайды,
Жараткан берип жардамды.
Эне сүтү жаш баланы жаркытты,
Эне мекен ызгаарды кууп чыкты.
Арыда бийик тоонун башынан,
Аңгыча күн жаадырай башбакты.
КҮНӨӨСҮЗ КЕСИЛГЕН АДАМ
ЖАНА ААРЫ
«Түрмөгө кирбе ай, аары,
Сенин такыр күнөөң жок.
Кайта албай артыңа,
Арманга батпа мага окшоп.
Темирден эшик жасалат,
Бир жабылса ачылбайт.
Ушунда жатып өлөсүң,
Убал соопко карабайт.
Сен сыяктуу мен дагы,
Жөн жерден эле кабылгам.
Кимге айтамын арманды,
Эркиндикке чыга албайм.
Бул жерди досум түрмө дейт,
Түрмө менен ойнобо!
Айыпсыз жатат канча жан,
Ошолордой кор болбо!
Өзүңө айткан кеңешим,
Бул тарапка жолобо!»
2010-жылдар
СЕЛКИГЕ
Ал селкинин сүйүүсүн
Алтынга ороп сактадым.
Алтынды сурап келишти,
Алмашпадым, сатпадым.
Ал селкинин сүйүүсү,
Алтын менен бааланбас
Алмашып ийсе сүйүүнү,
Акыйкат болуп катталбас.
МӨНДҮР ТҮШӨӨРДӨ
Арчалардын башынан,
Аралап учту сагызган.
Жарлуу жээктин жанынан,
Жагалмай учуп бараткан.
Аткулактар бул чакта,
Айдарым желде чабышат.
Жел илебин таратса,
Желпине берет жалбырак.
Жапан талдар мен-менсип,
Акырын гана йиилет.
Назик гүлдөр термелип,
Назданган чагы билинет.
Жалгыз карга эмнеге?
Жар кыяда каркылдайт.
Кирген суу үнү бул кезде,
Кемер жактан шарпылдайт.
Айгыр үйрүн чогултуп,
Тынчсызданат эмнеге?
Тай-кунандар чогулуп,
Келип жатат желеге.
Булуттардан от ойноду,
Чарт этип асман жарылат.
Мөндүр түшөт окшоду,
Чөптөрдү басып калтырак.
САРАЙДАГЫ КӨРҮНҮШ
Сарай,
Сарай.
Тынчтык баскан сарай,
Оодарылган көң карарат.
Кашаа жактан ары карай,
Кандайдыр бир жыт аралайт.
Сарай ичи серүүндүктө
Тынчтык жашап ушул убак.
Желпий келип жел жүгүрсө,
Желпинет топ аткулак.
Чырк-чырк этип үн чыгат,
Сарайдын бир жеринде
Куш уясы болсо керек.
Кут таратып консо керек.
Малчы да жок бул жерде,
Малын айдап кетсе керек.
Жел эпкини чөптөрдү,
Желпип өтөт аралап.
Тынчтык чертет бир күүнү,
Тымызын гана сайраңдап.
Күүдөн тайбас улуу эмгек,
Күзүндө күргүчтөп башталат.
Саан койлор төлдөөчү убак жок,
Сарай азыр эс алат.
Мемиреген тынчтык менен.
Кошулуп согуп өткөн жел менен
Түн ичинде жылдыздарга кайрылат,
Жакшынакай дубай салам кабар менен.
БАЛАМА
Кызыгып улам-улам карадың,
Кызыл атчан баратканда сапарга.
Кызыл аты сонун бекен садага,
Кыр өйдөлөп кеттиң алыс жактарга.
Кызыл атчан жигиттей таңдантып,
Кымбат атты өзүң дагы минээрсиң.
Кызыктырып далай жанды карантып,
Кырды бойлоп күлүк минип келеерсиң.
ЖОЛДО
Алыска сапар чыккан болчумун,
Мага досум энчиледи жоргосун.
Жол жомогу токтобой уланат,
Жоргочон узак сапар жолдомун.
Жоргом дагы жол улоодо талыбай,
Жолду басып сапарладым бир далай.
Жорго берген досума да ыракмат,
Жол арбытып келетамын чарчабай.
КОШОМАТЧЫЛЫК ШТАТ
тамсил
Эшек кожоюнун өйдө-төмөн ташып,
Эпеңдеп жүрөт жумушка аралашып.
Ит берилүү менен үй кайтарат,
Короодон анча деле алыстабайт.
Чычкан майда баратты терип жейт,
Эрмек кылып бир нерсени кемирет.
Тоок жумуртка тууйт ап-аппак,
Кожоюну ыраазы болот аны санап.
Бөлүнгөн штат аны менен жанын багат,
Жээ мээнэттенип эмгектене тамак табат.
Бирок, ит дагы бир штат ачып алып,
Кожоюнга куйругун шыйпаңдатып.
Жаныбарлардын ызы-чуусу башталды,
«Ит кошаматчы, топ бузгуч».– аталды.
«Бизде кошаматчылык штат жок эле,
Читать дальше