Бишкек, 3-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов – Кабар/.«Өлкөбүздөгү бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп саналгандыктан, биз эгемендикке ээ болгондон бери эле АКШ долларына көз каранды болуп келе жатабыз. Мындай көз карандылыктан арылуу, экономикалык кризистен чыгып, финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек» -деди «Кабар» агенттигине эксперт, экономист Кубан Чороев.
Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы, Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан, мигранттардын акча которуусунан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процесси мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет.
«Улуттук банктын „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүүгѳ резервдери жетиштүү. Ноябрь айынын бирине карата Улуттук банктын резерви 1 млрд 897 млн АКШ долларын түзѳт, ал эми Кыргызстандагы акча базабыз, тагыраак айтканда экономикабыздагы болгон сомдун массасы 67 млрд сомдун тегерегин түзѳт. Демек, бүгүнкү күндѳгү курс менен сомдун курсун бекитүүгѳ 900 млн доллардын тегерегиндеги резерв жетиштүү болот. Резервдин калган 1 млрд га жакын АКШ долларын экономикабыздын ѳнүгүүсүнѳ жумшаганга толук мүмкүнчүлүк түзүлѳт» -деди ал.
Эксперттин пикиринде «Валюталык башкаруу» системасы ѳлкѳдѳ инфляциянын деңгээлинин кескин төмөндөшүн, экономиканын интенсивдүү өсүшүн шарттайт. Кыргызстандын инфляциясы жылына 1—3% дык денгээлде гана болот, анткени доллардын инфляциясы жылына ушул денгээлден ашпайт. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары узак мөөнөттүү келечекте көндүм болгон баанын жогорулашынан арылат. Инфляциялык коркунучту төмөндөтүү, девальвация коркунучун жок кылуу жана кыргыздын сомуна ишенимди бекемдөө акча сактоолордун өсүшүнө көмөк көрсөтөт, ал эми алар өз кезегинде экономикалык өсүштүн ылдам темптерин камсыз кылуу менен ички жана чет өлкөлүк инвестициялардын өсүшүн генерациялайт.
«Бул система 20-кылымдын башында эле пайда болгон жана бүгүнкү күнү мындай жана буга тектеш валюталык режимди дүйнѳнүн 60 мамлекети колдонот, алардын ичинде Гонконг, 2015-жылга чейин Литва колдонгон (кийин еврого ѳттү), Болгария, Дания, Гренландия, Фареры, Бруней, Бахрейн, Сауд Аравиясы, Оман, Катар, Кувейт, Иордания, Бириккен Араб Эмираты, Марокко, Венесуэла, Бутан, Непал жана башка мамлекеттер бар» -деп кошумчалады К. Чороев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллардын курсу жыл башынан бери 29 пайызга жакын кымбаттаганы, жыл башында доллардын курсу расмий 58 сом болсо, учурда 75 сомго чыкканы, алтургай 79 сомго чейинки рекорддук көрсөткүчкө жетип асмандап кеткени, бул өз учурунда соода-сатыкта, финансы-кредит саясатында көйгөйлөрдү жаратканы ЖМКларга жарыяланган.
«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы
«Валюталык башкаруу» тутумуна ѳтүп калсак, сомдун туруктуулугу камсыздалмак»
Бишкек, 21-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов- Кабар/.«Жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизди. Буга чейин эле биз „валюталык башкаруу“ системасына ѳтүп калсак, улуттук валютабыздын регионалдык жана дүйнөлүк валюталык шокторго туруктуулугу камсыздалмак» -деди экономист, эксперт Кубан Чороев.
Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде АКШ долларына сомдун курсу бир курс менен мыйзам чегинде бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, мигранттардын акча которуусунан, экспорттун, импорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет.
«Валюталык башкаруу» системасына ѳткѳндѳн кийин өлкөнүн улуттук валютасы азыркы нечен жолку болуп жаткандай, дүйнөлүк жана регионалдык валюталык олку-солкулуктардын таасирине дуушар болбойт. Россиялык рублдин жана казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна мурдагыдай таасирин тийгизе албай калат. Дүрбөлөңчүл маанайлар, белгисиздик жана Кыргызстандын чабал банктык системасына болгон ишенимдин төмөнкү деңгээли КР Улуттук банкынын сомдун курсун мурдагы деңгээлге кармап турууга болгон аракетинен майнапсыз болуусуна алып келди. Бул болсо биздин валютанын баалуу-лугун сактап калууга болгон Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноолорду пайда кылды» -деди ал.
Читать дальше