Эми эмне үчүн бүгүнкү күндө сомдун куну жоголуп, доллардын курсу өсүүдө? Түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.
Биринчиден, долларга болгон суроо-талаптын чукул өсүп кетүүсүнө кандай жагдайлар түрткү берерин жогоруда түшүндүрдүк.
Кыргызстанда үй сатуу-сатып алуу доллар менен гана жүргүзүлөт
Экинчиден, сомдун долларга карата арзандашы экономикада сомдун массасынын өсүшү менен тыгыз байланышта. Эми кандай учурларда сомдун массасы экономикабызда өсүп кетет? Биринчи, эгерде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунан доллар сатып алса, сомдун массасы өсөт. 2014-жылы Улуттук банк биздин валюталык рыноктон доллар сатып алган жок, тескерисинче 516 млн. АКШ долларын сатты.
Экинчи жол, Кыргызстандын өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан акча келгенде. Ал акчалар доллар менен келет, ал эми өкмөт сом менен бюджет аркылуу сарпташ керек да. Мисалы, Орусия федерациясы 500 млн. доллар которду дейли кыргыз өкмөтүнүн эсебине. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы, бир доллар 60 сом деген курс менен жаңыдан басылган 30 млрд. сомду кыргыз өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу коротот. Өкмөттүн чыгашасы кимдир бирөөнүн кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 30 млрд. сом акырындап биздин экономикабызга агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар «кирешелерди долларга которуп коёлук, сом арзандап кетет» дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын көбөйүшүнѳн улам доллар сомго карата кымбаттай баштайт. Мына бүгүнкү күндөгү доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл дүрбөлөңгө түшкөндө Улуттук банк баягы өзү басып чыгарып, өкмөткө берген сомдорун баягы Орусия которгон доллар менен кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк өкмөткө бергенде курс бир доллар 60 сом болсо, кайра ошол сомдорду сатып алгыча бир далай убакыт ѳтөт, доллар кымбаттап, мисалы, бир доллар 70 сомго чыгат. Буга байланыштуу баягы 30 млрд. сомду Улуттук банк кайра 428.5 млн. долларга сатып алып, ортодо 71.5 млн. доллар пайда көрүп, өзүнүн резервин толуктай берет. Ортодо кордукту көргөн баягы эле кыргыз эли.
Ал эми Улуттук банктын төрагасы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, Жогорку Кеңештин жана президенттин [битая ссылка] «сомдун куну эмне үчүн түшүп жатат?» деген суроолоруна «сезонго, Орусиянын санкцияларына байланыштуу, нефть кымбаттап кетти» деген негизсиз себептерди айтып, жайгарат. Же болбосо Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларга шылтап, өз ишин уланта берет. Ушундай алдоо жолдору менен Улуттук банк мындайча айтканда, эбегейсиз байыган. 2002-жылы Улуттук банктын резерви 285 млн. доллардын тегерегинде болсо, азыркы күнү Улуттук банктын резервине 1 миллиард 970 миллион доллар акча жыйналган. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Улуттук банк эч нерсе өндүрүп чыгарбаса, же сатпаса, бул резерв кайдан көбөйгөн? Ошол эле убакта бул резервдердин кѳпчүлүк бөлүгү чет элдик компаниялардын акцияларына айландырылып, чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына иштеп жатат.
Улуттук банкты реформалоо экономикалык өнүгүүгө жол ачат
Эми сомдун курсун коё туруп, Улуттук банктын реформасы тууралуу сөз кылалы. Жыйырма бир жылдан бери кыргыз элин кордоп келе жаткан Улуттук банкты канткенде кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетебиз деген маселени кѳтѳрүп, 2014-жылдын 24-апрелинде президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткѳ 14 барактан турган Кыргызстанга «алтын сом» деген жаңы акча бирдигин киргизүү жөнүндө сунушумду киргиздим эле. Президенттин аппараты Улуттук банкка, Каржы министрлигине, Экономика министрлигине «бул сунуш боюнча экономист Чороев мырзага жооп бергиле» дегенден башка эч нерсе жасаган жок. Ал эми Улуттук банк эки жолу мени менен жолугуу өткөрүп, «талкуу өткөрсөңүз биз ага катышабыз, бирок биз өзүбүз бул маселени көтөрүп чыга албайбыз» деп тим болду. Бул маселе боюнча бүгүнкү күндѳ Улуттук банк өзүнүн ачык позициясын көрсөтө алган жок.
«Улуттук банк жөнүндөгү» мыйзамда ал кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына, анын өсүшүнө иштейт деген бир да сөз жок, ал мыйзамда сомдун туруктуулугун кармайт деген эле жобо бар. «Улуттук банктын активдери мамлекетке карабайт, Кыргыз Республикасына тиешеси жок жана Улуттук банк мамлекеттин милдеттенмелерин бѳлүшпөйт» деп, ташка тамга баскандай кылып, бизге Дүйнөлүк валюта корунун юристтери жазып берген. Ошондой эле Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт, анын резервдерин Эсептөө палатасы текшере албайт, Башкы прокуратура эч бир кылмыш ишин козгой албайт. Сиздер массалык маалымат каражаттарынан Улуттук банктын башкаруучу кызматкери туура эмес валюталык интервенция кылып коюп, Башкы прокуратура тарабынан иш козголду дегенди уктуңуздар беле? Бул жагынан караганда Улуттук банк өзүнчө мамлекеттин ичиндеги мамлекет, булар өз «түшүнүктөрү» менен жашашат. Бул орган бир гана Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта корунун директиваларын так жана ийкемдүү аткарат, анткени мыйзамдар менен өзүлөрүн ошондой бекемдеп алган. Улуттук банк алардын колундагы «куурчак» десек жаңылбайбыз. Анткени, өзүңөр байкагандай, Улуттук банктын акча системасы канчалык мамлекетке с[битая ссылка] ырттан акчалай жардам которулган сайын эл ошончолук кыйналгыдай системада түзүлгөн. Кыргызстанда инфляция жана девальвация болуш үчүн кыргыз өкмөтүнүн эсебине акча которуп коюу эле жетиштүү, калган ишти Улуттук банк өзү бүтүрөт.
Читать дальше