– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.
– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.
– Ал меники эмес.
– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.
– Аны менден Бөрүбай тартып алган.
– Эмне Бөрүбайга карыз белең?
– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.
– Ошол элеби.
– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.
– Эмне үчүн?
– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.
– Ошол элеби.
– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.
Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:
– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.
Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.
– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.
– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.
Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.
– Ал күлүк кимдики?
– Меники.
– Желдеңдики эмес беле.
– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.
– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?
– Сиз бергенсиз Тагай бий.
– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?
Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?
– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.
– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.
– Жок Тагай бий ал атамын жайлоосу болчу.
– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.
Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.
– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.
– Бий кечирип коюңуз.
– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.
– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.
Тагай бий:
– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.
Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.
Тагай бий каарданып:
– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.
Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.
Көп өткөн жок алкынган Актуяк күлүктү, бүркүттү алып Бөрүбайдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желдеңди чакыртып:
– Ме күлүгүң менен бүркүтүңдү алгын, эгер дагы Бөрүбай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.
Ал байгенин баардыгын Желдеңге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап жүрүп отурду. Тагай бий өтө калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга өтө ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле сиңип кеткен эле. Бул көрүнүштөн төмөндөгүнү баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары оңолуп иш жакшы жагына көчөт. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине күч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну терең түшүнүп, элди бирдей тең укуктуу тартипте кармаган.
Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна үйлөндү. Бермет боюу узун, шыңга болйуу өтө акылдуу бийдин кеңешчиси болгон. Бийге көптөгөн туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кичүү уулу Сарбагышты кыйналып жатып төрөдү. Ана төрөп жатып эне көрбөгөн азаптарды көрдү, Аз жерден төрөттүн оордугунан өлүп кала таштады. Ал баарынан ушул кичүү баласын жакшы көрүп аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык өсүп калды. Эне баланын мойнунун кыйшык өскөнүн көрүп аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:
– Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.
– Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.
– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.
– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.
Читать дальше